Бүгүн, 8-июлда Ош шаарында зордук-зомбулукка каршы тынч митинг өттү. Митингге чыккандар зомбулукту токтотуу талабын коюшту.
Маалыматтарга караганда, чогулгандардын алдына Ош шаардык милиция башчысынын орун басары Бакыт Исраилов чыгып, зомбулукка каршы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, активисттерди бул багытта чогуу аракеттенүүгө чакырган.