Бүгүн, 2-апрель күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов баштаган жумушчу топ Ош шаарындагы Достук кичи районундагы курулуп жаткан ипотекалык багыттагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунан кабар алды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, вице-мэр шаардагы үй муктаждыгын жоюу акырындык менен мэрия тарабынан жүргүзүлүп жаткан долбоорлордун негизинде ишке аша тургандыгын билдирди. Учурда аталган райондогу 9 кабаттуу үйдүн 7-кабаты бүтүп жатат.
Ош шаарында ипотекалык негизде көп кабаттуу 3 үйдүн курулушу жүрүп жатат.