Ош шаарында жылуулук 28-октябрда берилип баштайт

Бүгүн, 26-октябрда Ош шаарынын мэриясында кыш мезгилиндеги жылуулук маселеси боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган мэриядан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 28-октябрдан баштап бардык социалдык объектилерге жана турак жайларга жылуулук берип баштоо боюнча буйрукка кол койгон.

Маалым болгондой, каттын негизинде бир катар саламаттыкты сактоо мекемелерине (облустук төрөт үйү жана шаардык төрөт үйү) 22-октябрдан баштап, айрым социалдык объектилерге (“Боорукердик” интернаты, №81 “Балапан” балдар бакчасы) 24-октябрдан тарта жылуулук берилген.