Ош шаарында тил мыйзамын бузган жарнактар алынып салды

Ош шаарында мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышын көзөмөлгө алуу максатында рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты.

«Кезектеги рейд Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгында өтүп, жарнактар текшерилди. 80ден ашуун объект текшерилип, 22 эскертме кагаздары берилди. Рейд дагы улантылат», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.