Кечээ, 21-май күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кезектеги таңкы рейддик кыдыруунун алкагында тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге жаңыдан курулуп, пайдалануу алдында турган муниципалдык базарга барып, курулуштун бүткөрүлгөн иштери менен таанышты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Андан сырткары анын жанында жеке инвестор тарабынан курулуп жаткан базардын курулушун көрүп, жумуштарды тездетүүнү тапшырды.
Бул жаңы курулуп жаткан базарга 1-июль күнү Ош шаарындагы (төрт базар бир күндө) “Келечек”, “Бексултан”, “Кийим-кечек” рыногу, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу базарлар көчүрүлөт.
Мэрия коомчулукту жана соодагерлерди белгиленген мөөнөт аралыгына чейин көчүүгө даярдык көрүүнү жана абалды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.