Ош шаарындагы «Изюм» конок үйү бузулуп жатат. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.
Мамкурулуш алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаары боюнча башкармалыгы Ош шаарынын Ленин көчөсү № 214 А дарегиндеги «Изюм» конок үйүнүн курулуштары соттук териштирүүдө мыйзамсыз экендиги далилденген. Жер тилкеси мамлекетке өткөрүлгөн конок уйдун курулушун бузуп салуу тууралуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына кат жолдонуп, каттын негизинде курулуш ээси тарабынан бузуп салуу иштери жүргүзүлүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram