Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев күйөөсүнүн колунан каза болгон келиндин туулган жери Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылына барып, ата-энесине жолугуп куран окуп, көңүл айтты. Мэр бул каргашалуу окуя жалпы кыргызстандыктарды кайгыга салганын айтты.

