Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев Баткенде 600 миңге жакын жаран жашай турганын айтты.
«Балдар ооруканасын курууга убакыт келди деп ойлойм. Ар кандай учурлар болуп калат экен. Жол узак. Ошко, Баткенге балдарын алып келип жатышат. Баткен шаарына балдар оруканасын курууну тездетип берсеңер»,— деди депутат.








