Алиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Батирдин ичинде 1 жашар бала болгон. Куткаруучулар тобу бекилип калган эшикти атайын шаймандар менен ачып, баланы апасына өткөрүп беришти. Бала медициналык жардамга муктаж эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары баланын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.
20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт
20-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад...









