Ошто 9-кабаттан секирем деген 35 жаштагы аял куткарылды (видео)

Ошто ӨКМ кызматкерлери өз жанын кыюуга аракет кылган аялды сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМге Ош шаарынын Джим көчөсү №1 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн 9-кабатынан 1986-жылы туулган аял өз жанын кыюу үчүн секирем деп аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя катталган жерге ӨКМдин 4 кызматкери барып, аялды алып түшүп, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.