Ошто бийиктиги 29 метр болгон жаңы жылдык балатынын чырагы жандырылды (сүрөт)

Ош шаарында жаңы жылдык балатынын чырагы жандырылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Кечээ, 20-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын чырагы жандырылды. Салтанаттуу иш-чарага мэр Бакытбек Жетигенов жана шаар тургундары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык маданият башкармалыгы тарабынан музыкалык программа уюштурулду. Белгилей кетсек, бул жылдагы жаңы жылдык балатынын бийиктиги 29 метр.