Ош шаарындагы “Алай” футбол академиясынын машыгуу талаасында йоганын эл аралык күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, маданият ишмерлери, йога машыктыруучулары жана активдүү шаар тургундары катышты.
Йога күнү Ош шаарында тогузунчу ирет белгиленип жатат. Көнүгүүлөргө жалпысынан 300гө жакын адам катышты. Иш-чаранын максаты — кыргыз коомчулугун дени сак жашоого үндөө.