Аталган шаарда белгисиз ит тиштеп алганы боюнча медициналык жардам сурап 18 жаран (алардын 14ү бала) кайрылган. Бардык жабырлануучулар дарыгерлердин кароосунан өтүп, консультация алып, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Белгисиз иттер тиштеген учурда Тез жардам кызматына (103), ошондой эле Ош шаардык ооруканасынын травматология борборуна кайрылуу керектиги да маалымдалган.
Шаардын аймагында эпидемияга жана эпизоотияга каршы тийиштүү иш-чаралар күчөтүлгөн. Тактап айтканда, тиешелүү кызматтарга жолбун иттерди атуу боюнча рейддик иш-чараларды баштоо тапшырмасы коюлду.