Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Руслан Касымов жана келинчеги Акмөөр Орунбаевага издөө салды.
Алар 6-июнь күнү Ош шаарындагы Бий-Ордо мейманканасынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат.
Руслан Касымовдун өзгөчө белгилери:
Бою 160-165 сантиметр, арык, ак жүздүү, моюн тарабында калы бар, оң же сол колунун алаканынын үстүндө тырыгы бар, сол колунун чыканак бөлүгүндө үстүндө колу сынгандан калган тырыгы бар.
Кийген кийимдери: үстүнө кара түстөгү спорттук кийим менен бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.
Акмөөр Орунбаеванын өзгөчө белгилери:
Бою 155-160 сантиметр, арык, ак жүздүү, кашы көзү кара, жоолук оронуп жүрөт.
Кийген кийимдери: Белгисиз.
Жогоруда аты аталган жарандарды көргөн билгендер болсо Ак-Буура милиция бөлүмүнө же болбосо төмөндөгү телефон номурларга билдирип коюшуңуздарды суранабыз. Номурлар: (+996) 559-199-090, (+996) 551-621-041, (03222) 6-64-02
Посмотреть эту публикацию в Instagram