Оштогу Өзгөн районунда өлтүрүлгөн келиндин окуясы тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутаттарга маалымат берди.
«Мындай окуяга алып келиши мүмкүн деген жагдай буга чейин болгон эмес. Биздин каттоодо бул үй-бүлө турган эмес. 5 балалуу, жакшы жашаган үй-бүлө болгон. Мал сатып алектенген киши болчу. Бул кишинин мындай кылмышка барат деп эч ким ойлогон эмес. Куралдын номуру өчүрүлгөн экен. Ошол үчүн текшерүү жүрүп жатат. Өзүнүн айтымында курал чоң атасынан калган. Куралдын мыйзамсыз сакталышына чара көрбөгөн милиция кызматкерлерине чара көрүлүүдө»,- деди ал.










