Ошто мас абалындагы видеосу тараган милиция кызматкерине 500 миң сом айып салынды

Ошто мас абалында адамды күч менен кармоого аракет кылган милиция кызматкерине сот жарым миллион сом айып пул салды. Бул тууралуу шаардык соттун чечиминде айтылат.

7-майда социалдык тармактарда мас абалындагы милиция кызматкери тартылган видео тараган. Видео боюнча Ош ШИИБ маалымат таратып, текшерүүдөн кийин анын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери экендиги аныкталганын билдиришкен. Кийин ал иштен алынган.