Ошто милиция кызматкерлер кара куурай чаап жатышат
Ошто милиция кызматкерлери жана мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайды жок кылышууда. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
"Кара куурай" операциясынын алкагында 3-9-июль күндөр аралыгында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуунун 1-этабын өткөрүшүп жатышат. Бул наркотикалык өсүмдүктүн өскөн жерлерин тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Жапалак айыл аймагынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана 30 адамдан турган атайын бригада түзүлдү. Кечээ, 6-июлда Жапалак айылынын 9 гектар жер изилденип, анын ичинен 5800 килограмм жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен бул багытта иштерди аткарууну улантышууда.