Окуучуларын алып, кичи автобуска салып, Кара-Койго багыт алып бараткан мугалим Оштун чыга беришинен кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Алар Ош шаарындагы Ч. Түлөбердиев мектебинин бүтүрүүчүлөрү жана мугалими болгон.
«Окуучуларынын өмүрүн тобокелге салган мугалимге, мектеп жетекчилигине тиешелүү жетекчилик тарабынан чаралар көрүлөт. Учурда Ош шаарынын чыга беришиндеги жолдордо эртең мененки саат 06:00дөн бери посттор иштеп жатат»,- деп айтылат маалыматта.










