Ошто оор жүк ташуучу унаа басып калган кыздын апасы: «Кызымдын буттары үзүлүп кетиптир»

Кечээ, 24-июнда Кара-Суу районунун Нариман Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө HOWO үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн оор жүктөгөн унаа жолдон чыгып, оодарылып 6 адамды басып калган.

Кулаган унааны кран менен көтөргөндөн кийин 2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталган. «Клооп» басылмасы кырсыктан 28 жаштагы кызы менен 2 небересинен айрылган эненин видеосун жарыялады.

«КамАЗдын кандай келгенин билбейм. Шамалдай келди. Көмүр бар экен. Көмүрдүн жарымы бизге чачырады. Эки адам тирүү калдык. Төрт бала, 2 чоң киши, бирөөсү кош бойлуу келин эле. Баласы ичинен чыгып кеткен. Менин кызымдын буттары үзүлүп кетиптир. Сүйлөй албайм. Эки неберем, 28 жаштагы кызым… 23 жаштагы уулумдун каза болгонуна 1,5 жыл болгон. Эми ыйынан токтодум эле», — дейт сыздаган эне.