Тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы музейи 5-июлдан 28-августка чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу аталган музейдин соцтармактагы баракчасында жазылды.
Ал эми Үңкүр музейи көрөрмандар үчүн саат 09:00дөн 20:00гө чейин, туристтик жолдор саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт.