«Оштун таксисттери адегенде башка бааны айтып, кийин кымбат кылып салышат». Орусиялык журналисттин Ош тууралуу баяны

Орус басылмасына Игорь Ротарь аттуу аскер журналистинин Памир даңгыр жолу менен Кыргызстанга чейин саякат кылган баяндоосу жарыяланды. Журналист Тажикстан менен Кыргызстандагы таасир калган жагдайларды жазган.

«Кыргыздын жайлоолоруна чыгып бир нече күн сөзсүз жашап көрүш керек. Ал жакта боз үйдө жатып эс алып, таза эт, сүт менен тамактанса, ат минсе болот. Акыркы учурда мындай эс алуунун популярдуулугу артууда. Кыргыз жайлоолорунда жадакалса Европа, АКШдан келген туристтерди көрүүгө болот», — деген журналист.

Андан ары бир нече жолу жагымсыз окуяларга туш болгонун айткан. «Мисалы, такси чакырсам, алдын ала макулдашкан бааны «бул менин жерим» дегендей кымбаттатып салчу. Аягында, албетте, мурунку баага түшчү. Бирок жагымсыз сезим кала берген», — деп жазат журналист.

Анын баамында, Ош байыркы шаар, бирок тарыхый эстеликтер дээрлик калган эмес. «Эң кызыктуу маданий мурасы эле бул — Сулайман тоосу. Сулайман тоонун айланасындагы чайканаларда пакистандыктардын кийимин кийген жергиликтүү кыргыздарды жолуктурууга болот. Алар Орусияда тыюу салынган диний агым «Таблиги жамааттын» өкүлдөрү. Ошто Сулайман тоодон башка кызыктуу жерлер жокко эсе. А бирок бул жактан жаңы маданияты бар Өзбекстанга өтүп кетсе болот», — деп баяндоосун жыйынтыктаган журналист.