«Отун жарып, суу ташып, кар күрөп». Ысык-Көлдө милиция улгайган жана көп балалууларга жардам берип жатат

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери улгайган адамдарга жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам беришүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ызгаардуу суукка байланыштуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын көрсөтмөсү боюнча облус аймагында «Камкордук» иш-чарасы өтүүдө. «Иш-чаранын жүрүшүндө облустук милициянын өздүк курамы калкка ар тараптуу жардам көрсөтүүгө багытталган. Ал эми, алыскы калктуу пункттарга милициянын көчмө кабылдамаларынын чыгуулары уюштурулган. Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу кызматкерлери жана балдар иштери боюнча инспекторлор аба ырайынын шарттарына байланыштуу оор абалда калган жалгыз бой пенсионерлерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү, жалгыз бой энелерди жана белгилүү жашаган жери жок адамдарды аныктоо үчүн үймө-үй кыдырышууда. Зарыл болгон учурда милиция кызматкерлери аларга чарбасына жеринде жардам берип, үйгө отун, көмүр, суу киргизип, карды тазалап беришүүдө. Аныкталган фактылар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кабарлашууда. 16-январда Ысык – Көл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 3 жалгыз бой улгайган адамга жана 5 көп балалуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү», — дешти.