«Отун жарып, суу ташып, короо тазалап». Караколдо мектеп окуучулары жалгыз жашаган карыларга жардам беришти

Караколдо милиция кызматкерлери мектеп окуучулары менен бирге карыларга жардам беришүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан бидиришти.

Кыш мезгилдин жакындашы менен Каракол шаарынын көптөгөн тургундары, анын ичинде жалгыз бой кары-картаңдар да отун-көмүрдү камдоодо. Бирок айрым шарттарга байланыштуу улгайган адамдар сарайларына камдалган көмүрлөрүн ташый ала алышпайт. Ушундан улам, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары менен биргеликте жардамга муктаж кары-картаңдарга жардам берүү демилгесин көтөрүшкөн.

«17-октябрь күнү сабактан кийин Каракол шаардык милициянын балдар иштери боюнча инспекциясынын аймактык инспектору Чыңгыз Ногойалиев Чехов атындагы №6 орто мектебинин жогорку класстарынын окуучулары менен биргеликте 4 жалгыз бой карынын, анын ичинде эң улуусу 83 жаштагы аялдын үйлөрүнө барышып, жардам көрсөтүштү. Милиция кызматкери окуучу балдар менен картаң адамдардын сарайларына көмүрдү киргизүүгө жардам берип, отун жарып, суу ташып, короону тазалап беришти. «Эмне үчүн өспүрүм куракта мындай демилге абдан маанилүү? Анткени, дал ушул мезгилде өспүрүм алгач активдүү социалдаша баштайт, башкача айтканда, башкаларга карата өзүнүн инсандык укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра баштайт. Ошондуктан өспүрүмдөргө жардамга муктаж адамдарга карата руханий-адептик тарбия берүүнүн маанисин ачып берүү абдан маанилүү болуп саналат. Андыктан мындай жардам бардык муктаж болгон жалгыз бой кары-картаңдарга берүүгө умтулуп жатабыз», — деп белгилешти мекемеден.