БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева 29-августта СИЗО-1ге барганын адвокат Эркин Саданбеков 30-августта билдирди.
Анын айтымында, Отунбаева Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү – Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов жана Кеңешбек Дүйшебаев менен жолугушкан. Үчөө тең “Кемпир-Абад иши” деп аталган кылмыш иши боюнча айыпталуучулар жана баш калаадагы СИЗОдо кармалууда.
«Роза Исаковна өзү демилге көтөрүп, СИЗО-1ге келген. Ал кармалгандар менен сүйлөшүп, алар иш ойдон чыгарылганын, күнөөсүн мойнуна алышпаганын айтышты», — деди жактоочу Саданбеков.