Abank
SerepTV Logo

"Өз кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышат". Милиция жолдогу кайырчылык кылган жарандарга акча бербөөгө чакырды

"Өз кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышат". Милиция жолдогу кайырчылык кылган жарандарга акча бербөөгө чакырды
Кайгуул кызматы айдоочулардан жолдогу кайырчылык менен алек болгон жарандарга акча бербөөгө чакырат. Көпчүлүгү бирөөнүн атын жамынып, алдамчылык менен алектенип жаткандыктары аныкталууда. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. "Акыркы күндөрү оорулуу балдарды операция кылганга жардам сурап көчөлөрдө акча чогултуп жүргөн улан-кыздар көбөйдү. Алар унаалардын каттамы көп жерлерде туруп алышып, айдоочуларга тоскоолдук жаратышып, ошону менен бирге өз өмүрлөрүнө да коркунуч келип жаткандыгын билишей, тобокелчилик менен иш алып барышууда. Буларды иштетүүнү уюштуруп жаткан адамдардын айрымдары өз кызыкчылыктары үчүн да иштетип жаткандыктары аныкталууда. Мисалы, видео тасмадагы Ажара аттуу кичинекей кыз Түркияга барып дарыланып келгенине эки жумадан ашкан. Ошого карабастан, уюштуруучулар тарабынан акча чогулдуу иштери уланып жаткандыгы аныкталган. Азыркы учурда тилемчиликти күнүмдүк жумушуна айландырган кайырчылар дейбизби же ыктыярчылар дейбизби айтор кайгуул кызматы тарабынан текшерилип, аларды жолдордон тазалоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от Байказы Айтикул уулу (@baikazy_official)

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

23:00 27.04.2026

Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизди

05:04 03.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026