Чет элдик атайын кызматтын жетекчиси Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге террорчуларды кармаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Бишкекте 7-июль күнү Курман айт майрамына даярдык көрүү учурунда теракттын алдын алынган. Алардын Кыргызстандагы милдеттеринин бири 9-июлдагы Айт намазында бомба жардыруу болгону аныкталган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.