Бүгүн, 11-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевдин катышуусунда Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Эски-Покровка айылында жаңыдан курулган “Кекилик-Учар бейити” мемориалдык комплексинин ачылыш аземи болду.
Аталган мемориалдык эстелик Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен 1920-1953-жылдары массалык түрдө курман болгон ата-бабаларыбыздын жаркын элесине арналып, зыярат кылып Куран окуп эскерип туруу үчүн курулду. Иш-чаранын алкагында мемориалдык комплекстин жанына гүл чамбарлар коюлуп, бир мүнөт унчукпай туруу болду.
Жергиликтүү тургундардын айтуусуна караганда, “Кекилик-Учар” тилкесинде эски мүрзө жайгашкан. Аталган жерге 1900-1930-жылдары Эски-Покровка жана Алга айылынын тургундарынын каза болгон орус, чечен, татар жана кыргыз улутундагы жарандардын сөөктөрү коюлуп, мүрзө катары колдонулуп келген. Ал эми 1930-1955-жылдарда Эски-Покровкада жайгашкан түрмөдө каза болгон адамдардын, репрессия курмандыктарынын сөөктөрү ушул мүрзөгө арабалар менен ташылып келип, жай каздырып массалык түрдө көмүп турушчу деп айтылат. Ал эми улгайган карыялардын айтымында репрессияда түрмөгө камалып, ошол бойдон дайынсыз болуп кеткен жарандардын дагы сөөктөрү Кекилик-Учар мүрзөсүнө көмүлгөнү айтылат.