Өзгөндө Кемпир-Абад боюнча кайрадан митинг өтүп жатат (видео)

АРХИВ

Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы митинг кайрадан өтүүдө. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып, видео менен бөлүшүп жатышат.

Куршаб айылынан Өзгөндү көздөй 50дөн ашуун адам жөө жүрүшкө чыгышты. Митингге чыккандар «Кемпир-Абад биздики», «Кемпир-Абад калсын» деп кыйкырып жатышат. Алардын плакаттарында “Кемпир-Абадды бербейбиз”, “Кемпир-Абад – кыргыз жери” деп жазылган.