«Пачкалап» кармап, кайра «пачкалап» чыгарып жатышат». Экс-депутат Чолпон Жакупова тергөө судьяларынын ишин сындады

«Пачкалап» кармап, кайра «пачкалап» чыгарып жатышат». Экс-депутат Чолпон Жакупова тергөө судьяларынын ишин сындады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеште өтүп жаткан «Кыргыз Республикасындагы адам укуктарынын жана эркиндигинин абалы: сөз эркиндигин коргоо жана укуктук көзөмөлгө алуу маселелери» деген аталыштагы тегерек столдо катышып жатып билдирди.

«Тергөө судьясынын институту толугу менен өзүн жокко чыгарды деп эсептейм. Акыркы жылдары жок дегенде бир судьянын кармоону мыйзамсыз деп таанып же бөгөт чарасын узартуу өтүнүчүнөн баш тартып койгонун эстебей жатам. Биз адамдарды жөн гана камап, алардын айлап кармалып жатканына күбө болуудабыз. Бул аралыкта тергөө иштери жүрбөй турат. Тергөө судьясы болсо улам бөгөт чарасын узартуу менен алек. Өлкөнүн жарымы отурат. Кийин аларды «пачкалап» чыгарышууда. Мындай көрүнүшкө эч ким жооп бербей жатат», — деди Чолпон Жакупова.