«Пайдалануу кооптуу». «Ысык-Көл» мейманканасын бузуу иштери башталды

Президенттин иш башкармалыгы «Ысык-Көл» мейманканасынын имаратын демонтаждоо иштеринин себебин билдирди.

«Ысык-Көл» мейманканасы көп жылдан бери колдонулбай, эскирип жана авариялык абалда. Бул имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана мүмкүн эмес. Ал гана эмес, ал башкаларга коркунуч туудурат. Сырты курчалганына карабай шаардыктар аймагына кирип кеткен учурлар көп. Имарат урап кетиши мүмкүн жана мейманкана аймагында жүргөн адамдар жабыркап калышы ыктымал. Аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынмак», — деп айтылат.