«Пайдубал тургузуу тапшырылды». Президентке кайрылган 5 жаштагы кыздын үй-бүлөсүнө үй салынышы мүмкүн

Социалдык тармактарда буга чейин кичинекей кыздын өз үйүн президентке тааныштырып жаткан видео тараган. Ал бул үй жараксыз болуп 2-3 айдан кийин кулашы мүмкүн экенин айткан эле. Видео Нарындын Ак-Тал айылында тартылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дал ушул үйдө күн кечирип келе жаткан үй-бүлөнүн улуу кызы менен байланышканбыз. Анын айтымында, видеону тарткан 5 жаштагы сиңдиси. Үй-бүлөнүн башчысы 2020-жылы пандемия учурунда каза болуп калган. Апасы жалгыз 6 кыз, 1 уулун тарбиялап келет. «Бул үйдү атам тирүү кезинде тургузганбыз. Мал жандыгыбыз жок. Учурда үйдүн абалы кооптуу, качан урап калат билбейбиз. Коркуп жашайбыз. Чатыры да жок, ылай болчу. Катуу жаан же кар жааганда суу кирет. Көк жыттанып турат», — деген ал.

Ал 24-мартта редакцияга кайрылып, жардам берем дегендер көп болуп жатканын айткан. Бүгүн, 28-мартта СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары Нуржан Алапаева менен байланышканыбызда үй-бүлө тууралуу айтып берди. «1972-жылы туулган келиндин 7 баласы бар, анын ичинен 4 кызы турмушка чыгып кетишкен. Азыркы учурда 3 баласы менен чогуу турушат. Балдары 7-5  жана 2 класста окуйт. Аз камсыз үй-бүлө катары Ак-Талаа райондук башкармалыкта каттоодо турат жана ай сайын 4320 сом жөлөк пул алат. Мындан тышкары, 2002-жылы айыл өкмөттүн балансында турган эски имаратта жашап туруу үчүн бекер берилген. 2016-жылы эски имараттын жанына 2 бөлмөлүү үй курушкан. Жолдошу 2020-жылы март айында каза болгон. Ошондуктан 3 баласына багуучусунан ажырагандыгы боюнча Социалдык фонд тарабынан ай сайын 11 миң 552 сом өлчөмүндө пенсия алат. Айыл өкмөт тарабынан жыл сайын жардам көрсөтүлүп турат, 2014-жылы Хьюмен Интернешнл уюму тарабынан 1 уй берилген, 2022-жылы 1 мүшөк ун, 1 тонна көмүр жана 29-декабрда азык-түлүк берилген», — деди ал. 

Ал ошондой эле үй-бүлөгө жаңы үй курулушу мүмкүн экенин айтты. «Ак-Талаа районунун акими, социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы, жеринде барышып, акимдин тапшырмасы менен райондун архитектурасы тарабынан жери ченелди жана айыл өкмөтүнө кар кетери менен пайдубал тургузуу тапшырмасы берилди. Комиссия тарабынан үй куруп берүү маселеси каралууда», — деди ал.