Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйыны болуп жатат.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаеванын айтымында, Кыргызстанда Пакистандын 18 жараны соттолгон. Бирөө өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми Пакистанда соттолгон Кыргыз жарандары жок. Ал эми өлкөдөн мыйзам бузган 672 пакистандык чыгарылган.
“Өмүр бою эркинен ажыратылган жаран — 2012-жылы зордуктоо жана адам өлтүрүү беренеси менен соттолгон. Эгер бул 18 жаран өлкөсүнө өткөрүп берилсе, Пакистан тарап 6 ай сайын булардын тагдыры боюнча маалымат берип турат”, — деди орун басар.












