Пакистандыктар Кыргызстанга 65 чартердик учак менен келишкен. «Манас» канча киреше тапты?

«Манас» аэропорту пакистандыктар менен болгон рейстен 540 миң доллар киреше тапкан. Бул тууралуу парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Манас» аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин Пакистан, Индия жана башка Азия өлкөлөрүнүн 12 миң жараны Кыргызстанга келген. «Бул адамдар Бириккен Араб Эмираттарына биздин мигранттар Москвага жана Орусиянын башка шаарларына кандай барса, ошондой иштөө үчүн учуп кетишет. Коронавирустук пандемияга байланыштуу чектөөлөр бар. Азыр Дубай ачык, адамдар ал жакка түз учуп жатышат. Кыргызстанга мурда келгендер бар. Алардын бардыгы 12 миңге жакын, учуп кеткендери да бар», — деди Бакыт Шаршеев.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү ар бири 51 доллар турган 10 миң виза даярдалганын билдирди.