Айтышка Кыргызстандын атынан 5 төкмө акын, Казакстандын атынан дагы 5 төкмө акын катышып, эки боордош элдин байыркы сөз өнөрү дүйнөлүк сахнага көтөрүлдү. Эл аралык деңгээлдеги бул саамалык кыргыз-казак маданий кызматташтыгын чыңдоого жана акындык өнөрдү глобалдык деңгээлде даңазалоого өбөлгө болду. Иш-чаранын башкы демилгечиси – коомдук ишмер
Садык Шер-Нияз, демөөрчүсү – Жогорку Кеңештин депутаты
Шаирбек Ташиев болду. Ага кыргыз тараптан Жогорку Кеңештин депутаты
Мирлан Самыйкожо жана Казакстандын парламентинин өкүлдөрү да катышып, бул ири маданий саамалыкка саясий жана коомдук колдоо көрсөтүштү. Кыргыз акындарын Парижге Манас театрынын жетекчиси Нурбек Талантбеков жетектеп барды. Айтыштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, акындарга байгелер ыйгарылды.
Бул алгачкы жолу өткөрүлгөн эл аралык айтыш кыргыз-казак боордоштугун жана улуттук өнөрдүн уңгусун дүйнөгө даңазалоого чоң салым кошуп, Парижде кыргыз үнү жаңырып, эл аралык коомчулукка маданиятыбыздын бийиктиги таанытылды.