Парламентке балдакчан келген министрдин орун басары: «Жол кырсыгына кабылып, буттун сөөгү бөлүнүп кеткен»

Кечээ, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков балдак менен трибунага чыгып, депутаттардын суроосуна жооп берди. Депутат Акбөкөн Таштанбеков аны байкап, отуруп жооп берүүгө болорун айтты. Бирок ал туруп жооп берүү ыңгайлуу экенин билдирди. Анын мындай аракети коомчулукта талкуу жаратты.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги министрдин орун басары менен байланышканыбызда, ал жол кырсыгына кабылып, бутундагы сөөгү бөлүнүп кеткенин, жумушка эрте чыгып алганын айтты. «Июль айында жол кырсыгына кабылгам. Буттагы эки сөөк бөлүнүп кеткен. Дарыгерлер пластина менен карматып коюшкан. Азыр ошол пластина менен жүрөм. Азыр жазып берген витамин, дарыларын ичип жатам. Жумушка 1 айдан кийин чыгып алгам. Башында чоң балдак менен басып жүргөм, азыр дарылануу аяктап калгандыктан кичине балдак менен жүрөм», — деди ал.

Союзбек Надырбеков Маданият министринин орун басары болуп өткөн жылдын декабрь айында дайындалган.