Парламенттик шайлоо. Чет ѳлкѳлѳрдѳ жүргөн кыргызстандыктар үчүн мобилдик топтор иштей баштады

Чет ѳлкѳлѳрдѳ жүргөн кыргызстандыктарга маалымдоо үчүн мобилдик топтор иштей баштады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү Санкт-Петербургдагы жана Ленинград облусундагы мекендештердин коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу БШК тарабынан мобилдик топтордун иштеринин алкагында уюштурулган. Санкт-Петербургда жана Ленинград облусунда жашаган мекендештерге 28-ноябрдагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеңири айтып, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

21-сентябрдан тартып мобилдик топтор Орусия Федерациясында иштей баштаган. Москвада жана Санкт-Петербургда жолугушуулар болуп өттү. 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин Тюмень, Томск, Хабаровск, Казань, Самара, Краснодар шаарларында жолугушуулар мерчемделүүдө.

23-сентябрдан тартып 28-сентябрга чейин Италияда – Рим жана Кальяри шаарларында, 1-октябрдан тартып 10-октябрга чейин Түркиянын Стамбул жана Анталья шаарларында жолугушуулар өтөт. Жакын арада АКШнын Нью-Йорк жана Чикаго шаарларында дагы ошондой жолугушуулар өткөрүлөт.