Поезд тебелеп, эки бутунан ажыраган Тилек Жумабеков менен жубайы көз жумду

SUPERTV 4 ай мурун поезддин алдында калып, эки бутунан айрылып калган Тилек Жумабеков жана анын жубайынын сүйүү баяны тууралуу видео даярдаган эле. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 26-августта дал ошол түгөйлөрдүн көз жумганы маалым болду. Маалыматты редакцияга Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев тастыктады.

«Дос баласынын туулган күнү окшойт. Ошол жактан келе жатып, оор жүк ташуучу унаанын алдына кирип кетиптир. Унаадагы 5 адам көз жумду. Кырсык түнкү саат 12:36да катталды деп жатышат. Менин билишимче, унаадагылар 1996-1997-жылы туулган жарандар болгон», — деди ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.