Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев кармалды. Бул тууралуу аталган баракчада жазылат.
Маалыматка караганда, ал 48 саат Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында болот. «Активист 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон»,- деп айтылат маалыматта.