Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер боюнча пикир алмашат. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.
Маалыматка караганда, жолугушуу бүгүн, 21-июлда «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында өтөт. Ага бардык эл өкүлдөрү чакырылган.