Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында умрага барды.
«Мамлекет башчысы жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи. Умра — кичи ажылык, Меккеге жана Ыйык мечитке баруу менен байланышкан, ажылык үчүн белгиленген айдан башка жылдын каалаган убагында жасалуучу зыярат»,-дешти.