Президент Садыр Жапаровдун баласы Ренат үйлөндү (видео)

Бүгүн, 28-мартта мамлекет башчы Садыр Жапаровдун баласы Ренат үйлөндү. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жакшылык жаштарга ылайыкталган чакан той гана деңгээлинде өткөрүлгөн. «Ренат 24 жашта. Ал үйлөнүп жаткан Аяна аттуу кыз 21 жашта. Президенттин келини учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кытай тили факультетинин 3-курсунун студенти. Баш кошушкан эки жаш көп жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Жапаровдун аялы кудалыкка барган видео тасмасы да тарады. Анда «Кудаңар президент. Балабызды өстүргөн, ушулардын үйүндө өскөн. Бала ушуларга таандык» деп сүйлөп жатышканын угууга болот.

Белгилей кетсек, үйлөнгөн Ренатты Садыр Жапаров асырап алган. Ал  жол кырсыгынан каза болгон агасы Эркиндин уулу. Ал эми президенттин өзүнүн төрт баласы бар — уулдары Дастан, Рустам, Нурдөөлөт жана кызы Жанайым. Улуу уулу Дастан 2019-жылы август айында жол кырсыктан каза болгон. Андан кийинки экинчи уулу Рустам Жапаров өткөн жылы баш кошкон.