Социалдык тармактарда буга чейин кичинекей кыздын өз үйүн президентке тааныштырып жаткан видео тараган. Ал бул үй жараксыз болуп 2-3 айдан кийин кулашы мүмкүн экенин айткан эле. Видео Нарындын Ак-Тал айылында тартылган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дал ушул үйдө күн кечирип келе жаткан үй-бүлөнүн улуу кызы менен байланышканбыз. Анын айтымында, видеону тарткан сиңдиси. Үй-бүлөнүн башчысы 2020-жылы пандемия учурунда каза болуп калган. Апасы жалгыз 6 кыз, 1 уулун тарбиялап келет. «Бул үйдү атам тирүү кезинде тургузганбыз. Мал жандыгыбыз жок. Учурда үйдүн абалы кооптуу, качан урап калат билбейбиз. Коркуп жашайбыз. Чатыры да жок, ылай болчу. Катуу жаан же кар жааганда суу кирет. Көк жыттанып турат», — деген ал.
Бүгүн, 4-апрелде редакция кыз менен байланышканыбызда, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен үй салына баштаганын айтты. «Садыр Жапаровдун демилгеси менен үй салына баштады. Кечээ пайдубалын куюш үчүн жерди казышты, ал эми бүгүн цементи келет», — деди ал.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн: 9417 3394 4657 9070; О! деньги 0702 117 330
Саламатсызбы? ушул сайттан заказ менен товар алууну уйронгум келет
Жергиликтүү бийликтин эл менен иши жоктугунун белгиси ушул. Эмнеге мындай нерселерди көрүшбөйт. Сөзсүз эле Президент карап, камкордук көрүү керекпи. Анда эмне, Президенттин өкүлдөрү, акимдер жөн эле отурушабы? бул биринчи эле көрүнүш эмес. Качан Президент көздөрүнө сайгандан кийн кайпалактап чуркап калышат. Президенттин администрациясы көзөмөлдү күчөтүш керек. Жөн эле «жергиликтүү хан» болуп, куру отчетторду беребестен, иштеш керек. Аларды баалоо системасын, элдин пикири менен, иштеп чыгыш керек. Бул сыяктуу система өзү мурда бар болчу. Мындай болсо эл менен бийликтин ортосунда ажырым күчөй берет.