Учурда социалдык тармактарда кичинекей кыздын өз үйүн президентке тааныштырып жаткан видео тарап жатат. Ал бул үй жараксыз болуп 2-3 айдан кийин кулашы мүмкүн экенин айтты. Видео Нарындын Ак-Тал айылында тартылган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги дал ушул үйдө күн кечирип келе жаткан үй-бүлөнүн улуу кызы менен байланыштык. Анын айтымында, видеону тарткан 5 жаштагы сиңдиси. Үй-бүлөнүн башчысы 2020-жылы пандемия учурунда каза болуп калган. Апасы жалгыз 6 кыз, 1 уулун тарбиялап келет. «Бул үйдү атам тирүү кезинде тургузганбыз. Мал жандыгыбыз жок. Учурда үйдүн абалы кооптуу, качан урап калат билбейбиз. Коркуп жашайбыз. Чатыры да жок, ылай болчу. Катуу жаан же кар жааганда суу кирет. Көк жыттанып турат»,- деди ал.
23-июлга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде,...
29 жаштагы Эржан Төлөбек уулу Долон капчыгайына таш көпүрө курду. "Табигый таштардан, устачылык чеберчилик менен курулган көпүрө аймактын кооздугун арттырат....
Бүгүн, 23-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын жана борбордук аянттын курулушунан кабар...
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон жана Ноокендеги ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алганы барган. Ал жерде Ноокен райондук администрациясынын жетекчисинин биринчи...
Казак ырчысы Димаш Кудайберген Кыргызстанда концерт берүүнү каалай турганын билдирди. "Мен бул жерде концерт берүүнү аябай каалайм, бирок дүйнөлүк тур...