Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев «Бикард» клиникасына жаткырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди. УКМКдан бул тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдиришти.
9-июнда Данияр Нарымбаев УКМК тарабынан кармалган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ал «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган. Ошол күнү райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган.