Кечээ, 27-декабрда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районунун “Бүргөндү” чек ара тозотуна беш баш кызматтык аттарды тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аттар райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен алынган. Аны менен катар райондук өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн 2 миллион 574 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 189 миң сом акча каражаты жумшалып курулган чек ара тозотунун ашканасы ишке берилди.
«Ыйгарым укуктуу өкүл чек ара кызматкерлеринин мекенди коргоодогу эрдигин белгилеп, аларды ар тараптуу колдоо, тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо алкагындагы жумуштарга токтолду», — деп жазылат маалыматта.