Бүгүн, 3-апрелде биринчи леди, президент Садыр Жапаровдун жубайы, Айгүл Жапарова ишембиликке чыкты. Бул тууралуу начар уккан жана кийин укпай калган балдардын жатак мектебинин директору Эркингүл Сатывалдиева билдирди.
Маалыматка ылайык, ханайым аталган мүмкүнчүлүгү чектелген балдар интернатына барды. Анда ага жана иш-чаранын конокторуна жатак мектептин тарбиялануучулары концерттик программа тартуулашып, биринчи ледиге көңүл буруп, кам көрүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Ошондой эле интернаттын директору Эркингүл Сатывалдиеванын айтымында, бүгүн аталган билим берүү мекемесинин аймагына 150 түп көчөт отургузуу ишембилиги пландалган. Ага Айгүл Жапарова да катышып, көчөт отургузду.
«Бизде 300дөн ашуун бала бар. Бүгүн алар биринчи айым менен таанышып, аны менен ишембиликке чыгышты. Айгүл Жапарова бизге азык-түлүк жана балатынын көчөттөрүн ала келиптир», — деди мектеп интернатынын директору.