Президенттин кеңешчиси: «Чек ара маселесин бийлик чечет, эл кийлигишпейт»

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев айтууга аргасыз болгонун айтып, пост жазды.

«Чек араны талдоо бул согушту талдоо» дешет француздар. Чек ара маселесине келгенде өтө аяр мамиле жасап, өзүңдү жарнама кылгың келсе, чак араны бетиңе кармабай башка жол менен жарнамалап, аны сөзгө аралаштырбай сак болсок болот эле. Чек ара талашы эч убакта бир тараптын каалаганындай болуп чечилбейт. Ал дайыма эки тараптын макулдашылган чечими менен чечилет. Чек ара маселесин бүткүл дүйнөдө мамлекеттик бийлик чечет. Коомчулук, эл кийлигишпейт. Чек ара маселесин коомдун талкуусуна салуу “шылтоо таап согуш баштайлы” деген сөз. Буга ачык мисал бүгүнкү Украинадагы абал. Кана кимиң айта аласың? Кайсыл тарабы, “100 пайыз туура кылып жатат” деп. Бүгүн биздин коомдо популизимдик чегинен ашып, чек арадагы кыйын кырдаалды көбүртүп пайдаланып, өзүнө упай топтогусу келген акмакчылык көбөйүп баратат.

Туура, 60тан ашык жарандарыбыздан айрылдык. Ичтен кан өтүп турат. Кол салган тарап 400гө чукул жаранынан, 50дөн ашык танкасынан, 20дан ашык ар түрдүү чопкутталган техникасынан айрылды. Бизге кол салабыз деп, алар да чоң жоготуга учурашты. Чек араны басып киришкенде “Кыргыздарга барып “пу-пу” атышып ойнойлу да, анан кайра чыгып кетели” деп келишкен эмес. Басып алышып, ошол аймактан чыкпай коюшту пландашкан. Күч менен кууп чыгарылды. Бул чек араны кайтаруудагы шалаакылыктан эмес, тескерисинче астына ала көрүлгөн даярдыктан ушундай болду.

Туура жетишсиздиктер, кемчилдиктер көп. Жашоо, экономиканы көтөрүү да мультфильмдегидей эмес экен. Күнү-түнү кара жанды карч уруп иштешти, болгондо да көзүн таап, туура иштешти талап кылат тура. Каражат жок болсо, карайлайт экенсиң да. Болгон каражатты аскерий техникаларды алууга, чек араны бекемдөгө жумшап, канчалаган айлыктарды, жөлөк пул пенсияларды жогорулатпай койсо да болбойт эле. Айлыктар, жөлөк пул, пенсиялар эки жылда 100-150 пайызга чейин көтөрүлбөсө дүйнөнү каптаган кымбатчылыкта элибиз эмне болот эле? Муну ойлоп койдуңарбы?» — деди ал.