Президенттин командасында кимдер бар? Бишкекте 4-5-майда «Мурас» футбол боюнча достук мелдеши өтөт

Президент Садыр Жапаров «Мурас» футбол боюнча достук мелдешине катышат. Спорттук иш-чарага 12 команда катышат. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча алар төрт топко бөлүнөт:

• А тайпасы: президенттин администрациясы, «Ден соолук», Жогорку Кеңеш;

• В тайпасы: «Өнөр», «Билим», «Ыйман»;

•С тайпасы: «Бизнес», «Элчилер», «Спорттук федерациялар»;

•D тайпасы: «Алга», «Аймактар», «Журналисттер».

4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш болот.

Турнир Кыргызстандын футбол союзунун жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.