Дилбара Асанакун кызынын башынан кечирип жаткан аянычтуу тагдырын биз өткөн жылдын январь айында тартканбыз. Анда ал рак менен күрөшүп жатканын, биринчи күйөөсү оорудан каза тапса, экинчиси таштап кеткенин айткан эле.
Арадан 1,5 жыл өттү. Бүгүнкү күнү каарманыбыз 2 баласын дале жалгыз багууда. Ал бул видеодо “өмүрүмдүн акыркы айларын жашап жатканымды сезип калдым. Көзүм өтүп кетсе, балдарымдын көрөр күнү эмне болот“ деп ыйлап, учурдагы жашоосу тууралуу айтып берди.
«Мен рак оорусуна чалдыга электе кафеде ашпозчу болуп иштегем. Оорума байланыштуу ысыкка жологонго болбойт. Балдарыма каалаган тамактарын жасап бергенге аракет кылам. Балдарымдын эсинде калса дейм. Көзүм өтүп кетсе, «апам даамдуу тамак тасап берчү» дегендей кылып, эсте калгым келет. Колуман тамак жегендер да «аябай даамдуу жасайсың» деп айтышат«,- дейт келин.