Равшан Жээнбеков: «Кыргызстан Орусия менен бирге согушка кирбеши керек»

Бүгүн, 28-февралда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде Украинаны колдогон митинг өтүп жатат. Митингге саясатчы Равшан Жээнбеков да келди. Анын айтымында, Кыргызстан согушка тарап болбошу керек.

«Согушка тарап болбошу керек дегеним, Кыргызстан Орусия менен бирге согушка кирбеш керек. Алысыраак туруш керек. Дүйнөлүк коомчулукка жаман көрүнбөгөнгө, экономикабызды туруктуу кармап турууга аракет кылышыбыз керек», — деди ал.

Ал мындан тышкары, учурда бийлик оор абалда турганын, бирок эл согушка каршы экенин айтты.